2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-6
16-февраль 2022-жыл Ат-Башы айылы
2022-2023-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановдун берген маалыматынын негизинде жогоруда аталган ишкана тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйымдарга 2022-2023-жылдарга карата баа бекитип берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акылар жеке жактарга төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ |
Техникалардын түрү |
Өлчөө бирдиги |
Катуу грунт |
Жүктөөлөр 1 рейс |
Жумуштун кыйынчылыгына жана жеңилдигине байланыштуу коэффициенти (-, +) |
1 |
Эксковатор |
1 м3 |
150 сом |
600 сом |
3-10 % чейин |
2 |
Камаз |
1 рейс |
1200 сом |
|
3-10 % чейин |
3 |
МТЗ-82 |
1 га |
1000 сом |
|
3-5 % чейин |
4 |
Мусоровоз |
1 рейс |
800 сом |
|
1-5 % чейин |
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат акыларга 25 % кошулсун;
- Ат-Башы айылынын калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым чогултуу “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлсүн жана жыйымдын ставкасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- жеке жактарга ар бир түтүнгө 1 айга 50 (элүү) сомдон 1-марттан 1-декабрга чейин төлөнөт;
- соода жүргүзгөн жеке ишкерлерге, банк мекемелерине жана мекеме-ишканаларга жыл бою 20 чарчы метрге чейин 50 (элүү) сом, 100 чарчы метрге чейин 150 (бир жүз элүү) сом, 100 чарчы метрден кийин 300 (үч жүз) сом;
- Ат-Башы айылынын калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды жыйноо түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттүү түрдө жүргүзүлөт;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 51