Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебине «Демилгелүү ишкер айымдар» (ДИА) аталыштагы долбоорго өздүк салым бөлүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-5
16-февраль 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебине «Демилгелүү ишкер айымдар» (ДИА) аталыштагы долбоорго өздүк салым бөлүү жөнүндө
Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебине «Демилгелүү ишкер айымдар» (ДИА) долбооруна өздүк салым катары акча каражатын карап берүү жөнүндөгү аталган мектептин директору А.Молдалиеванын билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебине «Демилгелүү ишкер айымдар» (ДИА) долбооруна өздүк салым катары 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
- Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы (кийим тигүүчү машина жана газплиталарды алууга) Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин директору А.Молдалиевага милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 50