Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2022-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-4
16-февраль 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2022-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2022-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Жапаровдун сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2022-жылдын 1-январына карата 7 972 456 (жети миллион тогуз жүз жетимиш эки миң төрт жүз элүү алты) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1) “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына контракт менен иш жүргүзүп жатышкан жумушчуларынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн - 817 900 сом;
2) Айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн - 12 000 сом;
3) Айылдын квартал комитет башчыларынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн – 196 800 сом;
4) Муниципалдык парк курууга – 4 800 000 сом;
5) Жылуулук системасына карыз – 357 000 сом;
6) Топосьемка карыз – 1 000 000 сом;
7) Таштанды чыгаруучу атайын техника алууга карыз – 400 000 сом;
8) Рекламалык шиттер үчүн карыз – 200 300 сом;
9) Жаңы жылдык иш чарага карыз – 50 000 сом;
10) Чарбалык товарларга карыз – 138 456 сом.
2. 2022-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде калган 168 600 (бир жүз алтымыш сегиз миң алты жүз) сом айыл өкмөткө караштуу бала бакчалардын тамак-ашы үчүн пайдаланылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 49