Ат-Башы айылында жаңы курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчанын курулушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ №10-1
29-январь 2022-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылында жаңы курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчанын
курулушу жөнүндө
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айылында жаңы курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү жана азыркы убакта курулушу токтоп тургандыгынын себептери жөнүндөгү бала бакчанын курулушуна жарыяланган тендердик комиссиянын курамындагы адистердин берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылында жаңы курулуп жаткан 120 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү жана азыркы убакта курулушу токтоп тургандыгынын себептери жөнүндөгү бала бакчанын курулушуна жарыяланган тендердик комиссиянын курамындагы адистердин берген маалыматтары эске алынсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №45