2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелге чейинки мезгилде өлкөбүздө калкты сурамжылоо жолу менен эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт.
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары!
Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелге чейинки мезгилде өлкөбүздө калкты сурамжылоо жолу менен эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Каттоо учурунда убактылуу жок болгон жарандар, ошондой эле эл жана турак жай каттоо учурунда убактылуу жок болгон жарандар жана айыл аймагында жайгашкан бардык турак жайлар каттоого алынат. Эл жана турак жай фондун каттоодо билимдүү, он сегиз жаштан жогорку эмгекке жарамдуу адамдар тартылат, ошондой эле каттоочуларга белгиленген үлгүдө күбөлүктөр берилет. Каттоочулар ар бир үйгө барып каттоону уюлдук телефонго жүктөлгөн атайын программага ылайык катташат. Андыктан түшүнүү менен кабыл алып каттоочулардын суроолоруна жооп берип эл, турак жай фондун каттоо боюнча иш чараны уюшкандыкта өткөрүп алганга көмөк көрсөтүүңүздөргө чакырабыз.