Айыл өкмөттөр арасындагы волейбол оюну боюнча “Ынтымак”өтмө кубогу өткөрүлдү.
2022-жылдын 15-январында Ат-Башы айылынын Карыбек уулу Акматаалы жана К.Мамбеталиев атындагы орто мектептеринин спорт залдарында айыл өкмөттөр арасындагы волейбол оюну боюнча “Ынтымак”өтмө кубогу өткөрүлдү. Бул оюнга жалпы 11 айылөкмөттүн кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышты. Оюн абдан кызыктуу өтүп, күйөрмандарга зал толду. Оюндун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
- орунду Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн командасы камсыздап, аларга өтмө “Кубок”, грамота жана 4000 (төрт миң) сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды,
- орунга Казыбек айыл өкмөтүнүн командасы чыгып, аларга грамота жана 3000 (үч миң) сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды,
- орунду Ат-Башы айыл өкмөтүнүн командасы камсыздап, грамота жана 2000 (эки миң) сом акчалай сыйлык ыйгарылды.
Жогорудагы уткан командаларга кубок, грамоталар Ат-Башы айылөкмөтүнүн башчысы А.Аалиев тарабынан уюштурулуп тапшырылды. Кийинки оюндунөтмө кезеги Ак-Жар айылөкмөтүнөөткөрүлүп берилди.