Ат-Башы айылынын ички жолдорун асфальттоого сунуш берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IX сессиясынын
ТОКТОМУ №9-10
27-декабрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын ички жолдорун асфальттоого сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айылдарды өнүктүрүү максатында райондун борборуна ар жыл сайын 3 км жолдорду асфальттоо жөнүндөгү тапшырмасына жана Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин сунушуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айылдарды өнүктүрүү максатында райондун борборуна ар жыл сайын 3 км жолдорду асфальттоо иштери ишке ашып калса Ат-Башы айылынын төмөндөгү ички жолдору асфальттоого Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын:
- М. Өмүракунов көчөсүнүн чыгыш тарабы (“Кошой” стадионуна барчу жол);
Туура (кыска) көчөлөр:
- Т. Жумабеков атындагы көчөсү (М. Өмүракунов менен Чеч-Дөбө көчөлөрүнүн ортосу);
- М. Жунусов атындагы көчөсү (С Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);
- И. Айылчиев атындагы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);
- К. Тыналиев атындагы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);
- Ат-Башы көчөсү (С. Абыкеев менен Ат-Башы көчөлөрүнүн ортосу);
- Жеңиштин 40 жылдыгы көчөсү (А. Иманбердиев менен М. Өмүракунов атындагы көчөлөрдүн ортосу);
- К. Сатыбеков атындагы көчөсү (Ат-Башы көчөсүнөн баштап М. Жунусов көчөсүнө чейин);
- Жогорудагы аты аталган көчөлөрдүн узундугун ченеп жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунуш-кат даярдап жөнөтүү жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И. Мелисовго жана айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевдерге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын
төрагасынын орун басары Н. Жаныгулова
Каттоо №44