Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук автоунаанын жол кире акысын көтөрүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IX сессиясынын
ТОКТОМУ №9-9
27-декабрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук автоунаанын
жол кире акысын көтөрүү жөнүндө
Күйүүчү майга болгон баанын жогорулашына жана авто тетиктеринин кымбатташына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2022-жылдын 1-январынан баштап Ат-Башы айылынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаалардын жол кире акысы бир жүргүнчүгө 15 (он беш) сом, ошондой эле окуу мезгилинде жана окуудан сырткаркы убакта мектеп окуучуларына 10 (он) сом өлчөмүндө бекитилсин;
- Ат-Башы айылындагы маршруттук каттамды бекитилген график боюнча өз убагында жана үзгүлтүксүз тейлөө жагы “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э. Осмоновго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын
төрагасынын орун басары Н. Жаныгулова
Каттоо №43