Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы жана Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектептеринин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн техникалык көзөмөл (технадзор) кызматына акча-каражатын бөлүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги IX сессиясынын

ТОКТОМУ №9-5

 

27-декабрь 2021-жыл                                                                                       Ат-Башы айылы                                                                                         

 

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы жана Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектептеринин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн техникалык көзөмөл (технадзор) кызматына акча-каражатын бөлүү жөнүндө

           Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүүдө (спорт залдын эшик-терезесин, жылытуу системасын алмаштыруу, ашкананын эшик-терезесин алмаштыруу) жана Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин түндүк тарабындагы чатырын чатырлоодо обьектте аткарылган иштердин талаптагыдай деңгээлде жүргүзүү үчүн техникалык көзөмөлдү камсыздоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                       

  1. Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү (спорт залдын эшик-терезесин, жылытуу системасын алмаштыруу, ашкананын эшик-терезесин алмаштыруу) жана Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин түндүк тарабындагы чатырын чатырлоо үчүн иштин сапатын көзөмөлдөөчү техникалык көзөмөлдүн (технадзор) адистерине  Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата  бюджетинин эсебинен 100 000 (бир жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси  Р. Асанкул уулуна  милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын

төрагасынын орун басары                                                                                Н. Жаныгулова

 

 

                                                                                                                                      Каттоо № 39

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет