Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин чатырын чатырлоо үчүн Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына тапшырылуучу долбоор жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IX сессиясынын
ТОКТОМУ №9-4
27-декабрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин чатырын чатырлоо үчүн Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына
тапшырылуучу долбоор жөнүндө
Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин түндүк тарабындагы үстүнкү чатырын чатырлоо үчүн Кыргыз Республикасынын дем берүүчү грантына тапшырылган долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөттүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбектин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин түндүк тарабындагы үстүнкү чатырын чатырлоо үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин эсебинен өздүк салым катары 898211 (сегиз жүз токсон сегиз миң эки жүз он бир) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р. Асанкул уулуна милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын
төрагасынын орун басары Н. Жаныгулова
Каттоо №38