Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына тапшырылуучу долбоор жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги IX сессиясынын

ТОКТОМУ №9-3

 

27-декабрь 2021-жыл                                                         Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын дем берүүчү (үлүштүк) грантына тапшырылуучу долбоор жөнүндө

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн (спорт залдын эшик-терезесин, жылытуу системасын алмаштыруу, ашкананын эшик-терезесин алмаштыруу) Кыргыз Республикасынын дем берүүчү грантына тапшырылган долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөттүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбектин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата  бюджетинин эсебинен өздүк салым катары  601 800 (алты жүз бир миң сегиз жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси  Р. Асанкул уулуна  милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын

төрагасынын орун басары                                                                                Н. Жаныгулова

 

 

                                                                                                                                                      

                                                                                                                                                                 Каттоо №37

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет