Бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн көтөрүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IX сессиясынын
ТОКТОМУ №9-1
27-декабрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн көтөрүү жөнүндө
Ат-Башы айылынын А. Курманалиев атындагы №2 бала бакчасынын директору Т. Асаналиеванын, К. Тыналиев атындагы №1 бала бакчасынын директору Ж. Сөпөтаеванын, “Асылзат-Зирек” бала бакчасынын директору А. үсөновалардын ата-энелер тарабынан тамак-ашка төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн көтөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуу катынын негизинде берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, өлкө ичинде азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттап жаткандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын бала бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмү 2022-жылдын 1-январынан баштап 600 (алты жүз) сом болуп бекитилсин;
- Ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Ат-Башы айылынын бала бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын
төрагасынын орун басары Н. Жаныгулова
Каттоо №35