Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты М. Жамашевдин арызы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 8-8
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2017-жыл
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты
М. Жамашевдин арызы жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Жамашев Максатбек Калыгуловичтин жазган арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 24-статьясынын 2-пунктуна, КРнын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-статьясына ылайык Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Жамашев Максатбек Калыгуловичтин өзүнүн арызына ылайык башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ат-Башы айылдык Кеңешине кийинки депутатты аныктап берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 38