Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жаңы жылдык куттуктоосу

    Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жаңы жылдык куттуктоосу

       Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары! Сиздерди келе жаткан Жаңы 2022-жыл Жолборс жылы менен чын пейилимден өзүмдүн жана жалпы жамааттын атынан куттуктайм! 2021-жылы өлкөбүздө туруктуулук сакталып, алдыга карай кадам таштаганга шарттар түзүлдү. Өткөн жыл жемиштүү, аракетке бай, жигердүү иштердин жылы болду. 2022-жылы баарыбыздын үмүт-тилегибиз ишке ашсын. Алдыда жаңы милдеттер турат, кирип келген Жаңы жылда алдыга койгон максаттардын ишке ашырылышын, жаңы жылдын ар бир күнү жакшылыктар менен коштолушун чын ниетимден каалайм. Мен 2022-жылы айылыбызда жакшы жакка өзгөрүүлөр көп болуп, жаӊылануунун жылы болушун тилейм! Алдыга койгон милдеттерди ишке ашыруу үчүн албетте, сиздердин колдооңуздар, көмөгүңүздөр жана кеп-кеңеш жардамыңыздарга муктажбыз. Элибизде, жерибизде ар дайым тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү болсун. Кудайым элибизди жамандыктан, бөөдө кырсыктан сактасын. Жаңы жыл баарыбызга бакыт-таалай, чың ден соолук, ийгилик алып келсин!

Жаңы жылыңыздар менен!

Сизди терең урматтоом менен,

Ат-Башы айыл аймагынын

айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиев

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет