Ат-Башы айылынын борбордук аянтына Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан Жаңы жылдык майрамга карата балаты орнотулду.
Ат-Башы айылынын борбордук аянтына Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан Жаңы жылдык майрамга карата балаты орнотулду. Балатынын бийиктиги 8 метрди түзөт жана баасы 15 000 (он беш миң) сомго Ат-Башы токой чарбасынан сатылып алынды. Ал эми жасалгаласына Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 50 000 (элүү миң) сом бөлүнүп тиешелүү жасалгалар алынып кооздолду. Балатынын айланасы темир тор менен тосулду.
Орнотулган балаты айылдын элине майрамдык маанай жана шаң тартуулоо үчүн жасалгаланды.