Ат-Башы айылында Жаңы жылга карата уюштурулган айымдар арасында волейбол оюну болуп өттү.

   Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Ат-Башы айылында Жаңы жылга карата уюштурулган айымдар арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюнга жалпы 5 команда катышты. Алар: Баш-Кайынды айылынын, Бирлик айылынын , Ак-Жар айылынын жана  Ат-Башы айылынан  2 команда. Оюн абдан кызыктуу өтүп, күйөрмандарга зал толду. Оюндун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду.

  1. орунду Ат-Башы айылынын “Береке” командасы камсыздап, аларга  “Кубок”, грамота жана 3000 ( үч миң) сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды,
  2. орунга  Ак- Жар айылынын командасы чыгып, аларга грамота жана 2000 (эки миң) сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды,
  3. орунду Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн кыз- келиндеринен түзүлгөн командасы камсыздап, аларга   грамота жана 1000 (миң) сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Ошондой эле калган эки командага кызыктыруучу сыйлык катары 1000 (миң) сомдон акчалай берилди.

    Жогорудагы уткан командаларга кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиев тарабынан уюштурулуп тапшырылды.

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет