Ат-Башы айылындагы “Ак-Байрак” реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.
Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Ат-Башы айылындагы “Ак-Байрак” реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан балдарга арналган Жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.
Бул салтанаттуу иш-чарага Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиев борбордо тарбияланып жаткан 20 балага Жаңы жылдык белектерди тапшырып жана балдарга ачык асман, чын ден-соолук, бактылуу балалык каалап куттуктоо сөзүн билдирди. Ошону менен бирге аталган борбордун жетекчиси Ш. Өмүралиевага жана жалпы жамаатына дагы ден-соолук, ийгилик каалап ыраазычылыгын билдирди. Ал эми Ш.Өмүралиева өзүнүн сөзүндө көптөн бери чечилбей келген көйгөй жылуулук системасы быйыл айыл өкмөт тарабынан толук оңдолуп ишке берилип иштегендерге жана тарбиялануучуларга шарттар түзүлгөндүгүн белгилеп, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге жана жалпы жамаатына өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.