“Сармерден” аттуу концерттик программа айылдын элине тартууланды.

        Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ардагерлер” Кеңешинин төрагасы С.Сатиевдин демилгеси менен айылда жашаган 60 жаштан өткөн аксакалдар жана байбичелер арасында “Сармерден” аттуу концерттик программа даярдалып айылдын элине тартууланды.

   Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын  «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндөгү №1-жарлыгынын алкагында жана келе жаткан жаңы-жылы менен айылдын калкын куттуктоого арналган.

    “Сармерден” Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин актовый залында өткөрүлдү. Айта кетсек айылдын калкы жакшы кабыл алып, зал көрүүчүлөргө жык толду.

    Сармерденге катышкан аксакалдар дагы байбичелер дагы өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп оюн абдан кызыктуу өттү. Сармерденге күбө болгон Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э. Абдыкадыров, өз сөзүндө “Сармерденге” ак жол каалап, мындан ары дагы токтотпостон өтмө кылып башка айыл өкмөттөр дагы улантып кетиши керектигин белгиледи. Андыктан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиев “Сармерденди” өзүнүн тартиби менен алыскы “Казыбек” айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнө өткөрүп берди.

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет