Электроэнергияны үнөмдөө максатында “LED” лампочкаларына алмаштурууну сунуштайбыз.
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары!!!
Азыркы учурдагы өлкөбүздөгү электроэнергиянын тартыштыгы боюнча кырдаал баарыбызга маалым болуп отурат. Электроэнергияны үнөмдөө боюнча социалдык желелерден, телевизордон ар кандай роликтер көрсөтүлүп элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Андыктан биздин дагы сиздерге кайрылуубуздун себеби, жашаган үйлөрүңүздөрдүн лампочкаларын энергия үнөмдөөчү “LED” лампочкаларына алмаштурууну сунуштайбыз.
Бул лампочкалар электроэнергияны аз керектейт, ошондой эле сапаты жакшы жана көп убакытка чейин пайдаланылат (күйүп кетпейт).
Жогорудагы сунушту түшүнүү менен кабыл алат деген ишеничтебиз!