Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү чыгымдар боюнча адис кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн чыгымдар боюнча адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-Б)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономикалык).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын.
Кызматтык милдеттери:
- жергиликтүү бюджеттин чыгымдары боюнча сметалык-финансылык документтерди түзүүнүн тууралыгын, тариздөөнү жана бекитүүнү контролдоо, бюджеттик мекемелердин сметаларынын долбоорлорун түзүүдө ченемдик-тарифтик талаптарынын тууралыгын текшерүү жана айыл аймакта жайгашкан уюмдарга, мекемелерге жана ишканаларга бюджетти иштеп чыгуу үчүн кабыл алынган тармактык чыгымдардын нормативдерин жеткирүү;
- айылдык кеңеш бекиткенден кийин бюджетти аткаруу чараларын көрүү;
- жергиликтүү бюджеттин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдалышына жана кассалык аткарылышына көзөмөл жүргүзүү;
- жумуш убактысын эсепке алуунун табелин жүргүзүү, эмгек акыны эсептөө;
- бюджеттин каражаттарынан жана атайын каражаттардан эмгек акы төлөөгө эмгек макулдашууларын (келишимдерин) тариздөөнүн тууралыгын текшерүү;
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян;
Документтер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81