Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (айыл-чарбасы, экономика жана башкаруу, архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасын өнүктүрүү” Мыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын.
Кызматтык милдеттери:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга тийиштүү чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- райондук социалдык фондго айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен берилген ижара келишимдерин түзүү жана социалдык төлөмдөрдүн отчетун салыктар боюнча адистер менен бирдикте тапшыруу жана эсептешүү;
- айыл чарба жерлерин максаттуу пайдалануу, жер рыногун түзүү жана анын натыйжалуу иштеши боюнча чараларды көрүү;
- Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан үрөнчүлүк чарбаларга усулдук көмөк көрсөтүүгө;
- чарба ичиндеги сугат системаларын ремонттоо, даярдоо жана сактоо иштерин тиешелүү кызматтар менен бирдиктүү жүргүзүү;
- Ат-Башы айыл аймагынын агрардык секторунун абалына талдоо жүргүзүү;
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян;
Документтер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81