Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, айыл-чарбасы, педагогикалык билим берүү).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамы, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын.
Кызматтык милдеттери:
- алдыдагы жылга жана орто мөөнөттүү (үч жылга) келечекке аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүү үчүн баштапкы маалыматтарды даярдоо;
- маалыматтарды чогултуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- райондук статистика бөлүмүнө айлык жана кварталдык, жылдык отчетторду өз убагында тапшыруу;
- айыл өкмөттүн электрондук маалымат базасына киргизүү үчүн тиешелүү маалыматтарды тактоого жана киргизүүгө жардамдашуу жана андагы маалыматтарды анализдөөнү жүргүзүү;
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян;
Документтер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81