Адвокат Орозакунов Кубанычбек Ишенгазиевич менен келишим түзүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги VIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №8-9

 

19-октябрь  2021-жыл                                                          Ат-Башы айылы                                                                                        

 

 

Адвокат Орозакунов Кубанычбек Ишенгазиевич менен

келишим түзүү жөнүндө

                                                                                                                                  

            Адвокат Орозакунов Кубанычбек Ишенгазиевичтин Ат-Башы айылынын тургуну Т. Ботбаев менен болгон соттук иштер жөнүндөгү берген маалыматын угуп жана талкуулап, мындан ары келишимдин мөөнөтүн узартуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Адвокат Орозакунов Кубанычбек Ишенгазиевичтин Ат-Башы айылынын тургуну Т. Ботбаевге карата соттук иштери тууралуу берген маалыматы эске алынсын;
  1. Орозакунов Кубанычбек Ишенгазиевичтин адвокаттык кызмат көрсөтүүсү үчүн кайрадан жаңы келишим түзүлсүн, ошондой эле мурдагы түзүлгөн келишим менен көрсөткөн кызматы үчүн төлөнбөй калган суммасы такталсын;
  1. Айыл өкмөтүнө коюлган 5 826 000 (беш миллион сегиз жүз жыйырма алты миң) сомдук доосу боюнча, ошондой эле укук коргоо жана сот органдары тарабынан Ат-Башы айылынын тургуну Т.Ботбаевдин мыйзам бузуу фактылары аныкталса, тиешелүү иш чаралар жүргүзүлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы       А. Аалиевге тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                          А. Өмүракунов

 

 

                                                                                                                                    Каттоо № 32

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет