Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-8
19-октябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө
Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндөгү айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаевдин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндөгү берген маалыматы эске алынсын;
- Ат-Башы айылына тиешелүү мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактап, инвентаризациядан өткөрүү жагы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 32