Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-7
19-октябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы,
айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча
иштердин абалы жөнүндө
Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндөгү айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаевдин, ветеринария боюнча башкы адиси А. Өскөналы уулунун берген маалыматтарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндөгү берген маалыматтары кошумча-алымчасы менен эске алынсын;
- Ат-Башы айыл аймагында айдалган 48,0 гектар арпанын 22,0 гектары аба ырайынын кескин өзгөрүп, бышпай калуу коркунучун жараткандыгына байланыштуу чөп катары чабылып кеткендиги белгиленсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 32