Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы №1 Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) коомдук уюмдарынын жоболорун бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги VIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №8-6

 

19-октябрь  2021-жыл                                                                             Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы №1 Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) коомдук уюмдарынын жоболорун бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы №1 Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) алдындагы коомдук уюмдарынын жоболорун бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте  түзүлгөн аксакалдар сотунун ишмердиги боюнча Жобосу тиркеме №1 ылайык бекитилсин;
  2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Аялдар Кеңешинин  Жобосу тиркеме №2 ылайык бекитилсин;
  3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун алдындагы Жаштар уюмунун Жобосу тиркеме №3 ылайык бекитилсин;
  4. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Карыялар Кеңешинин  Жобосу тиркеме №3 ылайык бекитилсин;
  5. Коомдук алдын алуу борборуна практикалык-усулдук жардамдарды берүү, иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы адис-юристи  Н. Карыбековго жүктөлсүн;
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары  К. Жапаровго тапшырылсын.  

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                          А. Өмүракунов

 

                                                                                                                                    Каттоо № 31

                                                                               Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                      Кеңешинин депутаттарынын 19-октябрь

                                                                            2021-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын

                                                                   №8-6 токтомуна №1 тиркеме

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун алдындагы Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте  түзүлгөн аксакалдар сотунун ишмердиги боюнча Жобосу

1. Жалпы жоболор

1.1.Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы №113 «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамына  ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга иштелип чыккан, Ат-Башы айыл аймагында аксакалдар сотунун ишинин жобосу укуктук-ченемдик акт болуп эсептелет.

1.2.Аксакалдар соту - бул ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.

1.3.Аксакалдар соту жарандардын, жергиликтүү кеңештердин чогулушунун чечими боюнча шаардын аймагында аксакалдардан - сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болгон эркектер жана аялдардан уюштурулушу мүмкүн.

1.4.Аксакалдар соту юридикалык жак болуп эсептелбейт жана юстиция органдарында катталууга алынбайт. Аксакалдар сотунун аталышы жазылган мөөрү жана штамптары болот.

1.5. Аксакалдар сотунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт (Жобо).

1.6.Аксакалдар соту, ошондой эле өзүнүн ишинде өздөрүнүн абийирин, жеке ынанымдарын, Кыргызстандын элдеринин үрп-адаттарынан жана салт-санаасынан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ченемдерин жетекчиликке алышат.

2. Аксакалдар сотунун милдеттери жана иши

2.1.Аксакалдар сотунун негизги милдеттери:

- жарандардын бузулган же талаш-тартышка түшкөн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

- мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого көмөк көрсөтүү жана Ат-Башы айыл аймагында укук бузуулардын алдын алуу;

- жарандарды мыйзамды, үрп-адаттардан жана салттардан улам тарыхый жактан калыптанган адеп-ахлактыктын жана ыймандуулуктун ченемдерин урматтоого тарбиялоо болуп саналат.

Аксакалдар соту ынандыруу жана коомдук таасир көрсөтүү, тараптардын жарашуусуна жетишүү жана республиканын мыйзамдары менен башка ченемдик актыларына каршы келбеген, акыйкат чечим чыгаруу жолу менен иштейт.

2.2. Аксакалдар соту карайт жана чечет:

-жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте жарандык иштер боюнча жергиликтүү соттор тарабынан жөнөтүлгөн;

-жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык коомдук таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн соттор, прокурорлор, прокурордун санкциясы менен тергөө жана алгачкы тергөө органдары тарабынан жөнөтүлгөн кыскартылган жазык иштери боюнча материалдарды.

2.3.Аксакалдар соту тарабынан, ошондой эле тараптарды жана ушул Мыйзамда каралган башка иштерди жараштырууга жетишүү максатында мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүү үчүн жарандардын өздөрүнүн арызы боюнча (тараптардын макулдугу менен) иштер каралышы мүмкүн.

2.4.Аксакалдар соту мурда эле сот чечими чыгарылган, администрациялык жаза чаралар көрүлгөн же өзүнүн компетенциясынын чегинде аксакалдар сотунун чечими чыккан материалдарды кароого акысыз.

2.5.Аксакалдар сотунун сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде, болбосо ошол жердеги калктын көпчүлүгүнүн тилинде жүргүзүлөт.

2.6. Аксакалдар сотунда териштирүү ачык жүргүзүлөт. Он алты жашка чыга элек адамдардын иштеринде, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарда тараптардын биринин өтүнүчү менен ишке катышкандардын жашоо-турмушунун купуя сырлары жөнүндө маалыматтардын таралышын алдын алуу максатында соттун жүйөлөштүрүлгөн чечими боюнча жабык жыйналышка жол берилет.

2.7. Аксакалдар соту өзүнүн жыйналышында жыйналышка катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угууга, судьяларда жана жыйналышка катышуучуларда болгон документтерди жарыялоого милдеттүү.

2.8.Аксакалдар сотунда иштер коллегиялдуу-төрагалык кылуучу менен соттун мүчөлөрүнүн курамында каралат.

2.9.Аксакалдар соту иштерди курамдын үчтөн экиси катышканда кароого укуктуу, алардын саны так эмес болууга тийиш

3.Аксакалдар сотун уюштуруу тартиби

3.1.Аксакалдар соту 5тен кем эмес жана 9дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө так эмес болууга тийиш.

3.2.Аксакалдар сотунун курамына элүү жашка чыккан, жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, Ат-Башы айыл аймагынын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары шайлана алышат. Аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерлер жарандар (тургундар) жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлөт.

3.3. Аксакалдар соту аймактык принцип боюнча түзүлө алат: кичи райондордо, кварталдарда, үй комитеттеринде.

3.4. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү жашаган жери боюнча жарандардын жалпы чогулуштарында, ошондой эле Коомчулуктун кеңештеринин конференцияларында, Ат-Башы айылдык кеңешинин сессияларында ачык добуш берүү менен үч жылдык мөөнөткө шайланышат. Аксакалдар сотунун төрагаларын өздөрүнүн ичинен аксакалдар сотунун мүчөлөрү шайлайт.

3.5. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши  тарабынан же болбосо 50 адамдан кем эмес жарандардын демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн. Шайлоо күнү жөнүндө билдирүү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан бир ай мурда жүзөгө ашырылат.

3.6.Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган жарандар соттун курамына шайланды деп эсептелинет. Эгерде чогулушка ошол калктуу конуштун аракетке жөндөмдүү 50дөн кем эмес жарандары катышса, чогулуш ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.

Аксакалдар сотунун мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан төраганы жана катчыны шайлашат.

3.7.Ушул Мыйзамдын жоболорунун талаптарына ылайык уюштурулган аксакалдар соту Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинде катталат. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин талабы боюнча аксакалдар сотун уюштурууга байланыштуу башка документтер да берилет.

3.8. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө Ат-Башы айыл аймагынын айылдык  Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан көрсөтүлгөн күбөлүк берилет.

3.9. Аксакалдар сотунун мүчөсү, эгерде ал талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо, иштерди (материалдарды) кароого катыша албайт.

Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу билдирүү:

- ишке катышкан жактардын арызы боюнча;

- аксакалдар сотунун башка мүчөлөрүнүн арыздары боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

3.10.Аксакалдар сотунун мүчөсү 3.9-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер менен өзүнүн баш тартуусу жөнүндөгү арызы боюнча баш тартууга тийиш.

3.11.Аксакалдар соту аксакалдар сотунун мүчөсүнүн баш тартуу билдирүү же өзүнүн баш тартуусу жөнүндөгү арызды карап, анын жыйынтыгында иштин маңызы боюнча чечим кабыл алат.

3.12.Аксакалдар сотунун мүчөсүнөн баш тартуу аксакалдар сотунун өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечими боюнча жүргүзүлөт.

3.13.Жылына бир жолудан кем эмес аксакалдар соту өз ишмердүүлүгү жөнүндө жалпы жарандардын чогулушунда маалымат берет.

3.14.Аксакалдар сотунун мүчөсү соттун курамынан төмөнкүдөй негиздер боюнча чыгарылышы мүмкүн:

- аксакалдар сотунун мүчөлүгүнөн баш тартуу;

- аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өлүмү;

- ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүүсү;

- жашаган жеринин өзгөрүшү (ошол калктуу конуштан көчүп кетүүсү);

- жазык жоопкерчилигине тартылуусу жана соттолуусу;

- аксакалдар сотунун мүчөсүн чакыртып алуу.

Аксакалдар сотунун мүчөсү аны шайлаган жарандардын жалпы чогулушу, тийиштүү Коомдук кеңештердин конференциясы, болбосо, айылдык Кеңештин сессиялары тарабынан:

- эгерде ага жүктөлгөн милдеттерди аткара албаса;

- татыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу;

- эгерде укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасаса, кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

Соттун чыгарылган мүчөсүнүн ордуна аксакалдар сотунун жаңы мүчөсүн шайлоо ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт.

Аксакалдар сотунун ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу соттун курамынан чыгарылган мүчөсү кайрадан шайланышы мүмкүн.

4. Аксакалдар соту караган иштер (материалдар)

4.1.Аксакалдар соту төмөнкүдөй иштерди (материалдарды) кароого укуктуу:

а) жарандардын мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштары жөнүндө:

- мүлктүк карыздарды төлөтүп алуу боюнча;

- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайра суратып алуу боюнча;

- мүлктү бөлөк бирөөнүн мыйзамсыз ээлөөсүнөн кайтарып алуу боюнча;

- сактоого коюлган мүлктү кайтарып алуу боюнча;

- ижаралык төлөөнү өндүрүп алуу боюнча;

- зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу боюнча;

- жубайлардын жалпы орток мүлкүн бөлүштүрүү боюнча;

- улуттук нике мамилелери жана нике-үй-бүлө мамилелери менен байланышкан каада-салттар боюнча;

б) ата-энелердин, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;

в) бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин же аларды белгиленген тартипте тарбиялаган жана баккан адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;

г) эмгек келишими боюнча аткарылган иш үчүн акы төлөө жөнүндө;

д) жер участокторун пайдалануучулардын ортосундагы сугат боюнча талаштар;

е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча.

5. Аксакалдар сотунда иштерди (материалдарды) кароо тартиби

5.1.Аксакалдар соту ишти (материалдарды) ал сотко келип түшкөн учурдан тартып 15 күндүк мөөнөттө карайт. Зарыл болгон учурларда (материалдарды) иштерди кароонун мөөнөтү материалдарды суратып алуу, болбосо сотко катышуучулардын кошумча маалыматтарды берүүсүнүн мөөнөтүнө узартылышы мүмкүн, бирок ал 15 күндөн ашпайт.

Эгерде бир ай бою кворум болбой калган учурларда аксакалдар сотунун башка чечими кабыл алынбаса, аксакалдар сотуна тийиштүү мамлекеттик органдар же алардын кызмат адамдары тарабынан өткөрүлүп берилген иштери (материалдары), ошондой эле жарандардан түшкөн арыздарды алар кайра суратып ала алышат.

5.2.Аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароо убактысы соттун төрагасы тарабынан аныкталат. Аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды отурумга чакыруу соттун төрагасы тарабынан милициянын аймактык инспектору аркылуу жүргүзүлөт. Бул адамдарды кабарлоо өз учурунда, бирок кеминде үч күн мурда жүргүзүлөт.

5.3.Аксакалдар соту төмөнкүдөй учурларда ишти карайт:

- эгерде анын аймагында укук бузуулар болсо;

- жашаган жерине карабастан эгерде жоопкер анын аймагында жашаса арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча;

- эгерде укук бузуучу, болбосо жабырлануучу, жабырлануучу болбосо жоопкер анын аймагында жашаса башка аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча. (материалдарды).

5.4. Аксакалдар сотунун ишти (материалдарды) кароосу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп эсептелет:

а) жергиликтүү кеңештин же алардын аткаруу органдарынын сунуштамасы;

б) администрациялык жаза берүү укугуна ээ мамлекеттик органдын же анын кызмат адамынын берген иши;

в) сот, прокурор жана кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилген материалдар;

г) жарандардын арызы;

д) башка аксакалдар сотунун арыздары.

5.5. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароо менен байланыштуу арыздарды жана башка материалдарды текшерүүнү жүргүзөт. Текшерүүнү соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун мүчөсү жүргүзө алат.

Зарыл болгондо аксакалдар сотуна тартылган адам, жабырлануучу, күбөлөр сурак беришет же алардан түшүнүк алышат.

Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгөн адам корутунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.

5.6.Аксакалдар соту аксакалдар сотуна тартылган адамды, ошондой эле жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырууга милдеттүү.

Жоопко тартылгандар, анын катышуучулары кошумча материалдарды суратып алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен сотко кайрылууга укуктуу.

5.7.Ишти (материалдарды) кароо үчүн белгиленген убакытта төрага, болбосо анын тапшыруусу боюнча аксакалдар сотунун бир мүчөсү аксакалдар сотунун жыйналышын ачат жана кайсы иштер (материалдар) карала тургандыгын жарыялайт.

5.8.Төрагалык кылуучу жыйналыш ачылгандан кийин сотко чакырылган адамдардын келгендигин тактайт, сотко тартылганга, жабырлануучуга жана процесстин башка катышуучуларына алардын укуктары жөнүндө түшүндүрөт, ошондон кийин адамдардан соттун курамынан баш тартуу же расмий өтүнүчтөрү бар же жок экендигин, ал эми мүлктүк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тараптардын алардын ишин аксакалдар сотунда кароосуна макулдугун тактайт.

Процесске катышып жаткан адамдар далилдерди текшерүүгө катышууга жана расмий өтүнүч билдирүүгө, анын ичинде кошумча материалдарды суратып алууга укуктуу.

5.9.Баш тартуу жана расмий өтүнүү жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу сотко тартылган адамдын жоругунун же укук бузуусунун олуттуулугун, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүнүн, ал эми жарандардын арыздары боюнча талаш-тартыштын жүйөсү жана маңызы боюнча натыйжасын баяндайт.

Сот андан кийин сотко тартылгандын, жабырлануучунун, жоопкердин, күбөлөрдүн жана башка процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угат жана иш боюнча зарыл материалдардын бардыгын карайт.

Процесске катышуучулар тарабынан толуктоолор жок болсо, төрагалык кылуучу ишти кароо аяктады деп жарыялайт жана сот чечим чыгаруу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет.

Кандайдыр бир кошумча маалымдоолорду же маалыматтарды алуу зарыл болуп калган учурда, сот жоруктун же укук бузуунун жарандардын арызынын олуттуулугу боюнча чечим чыгарбастан туруп, кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө которууга укуктуу.

5.10.Иш каралып жаткан учурда аксакалдар сотунун мүчөсү протокол жүргүзөт. Аксакалдар сотунун протоколунда соттун курамы жөнүндө маалымдоолор, иштин мүнөзү, аны кароонун убактысы жана орду, ишти кароодо аксакалдар сотунун заседаниесине катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар, алардын арызы жана кыскача сөзү (түшүндүрмөсү, расмий өтүнүчү) жана кабыл алынган чечим камтылууга тийиш.

Аксакалдар сотунун заседаниесинин протоколуна төрагалык кылуучунун жана катчынын колу коюлат.

6. Аксакалдар сотунун чечими

6.1.Аксакалдар сотунун олуттуулугу боюнча чыгарылган токтому чечим түрүндө болот.

Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышкан соттун бардык мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө берет, ал чечимге тиркелет.

6.2.Сот чечиминде соттун заседаниесинде текшерилген гана далилдерге негиздейт.

6.3.Аксакалдар сотунун чечими жазуу жүзүндө баяндалып, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

- чыгарылган чечимдин убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, ишти кароого катышкан соттор менен адамдардын курамы;

- талаш-тартыштын предмети же укук бузуунун мазмуну;

- сот тарабынан аныкталган иштин жагдайы, иштин жагдайы жөнүндө сот чыгарган тыянактын далилдери, соттун тигил же бул далилдерди четке каккан жүйө-себептери;

- чечим кабыл алууда сот жетекчиликке алган мыйзамдар;

- каралган материал боюнча аксакалдар соту кабыл алган корутунду;

- кабыл алынган чечимге даттануунун мөөнөтү жана тартиби;

- чечимди аткаруунун мөөнөтү.

Чечимге аксакалдар сотунун заседаниесинде ал жарыяланганга чейин төрагалык кылуучунун жана соттун мүчөлөрүнүн колу коюлат.

 

  1. Аксакалдар соту колдонгон таасир көрсөтүү чаралары

7.1.Аксакалдар соту сотко тартылгандын күнөөсүн аныктоо менен төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирөөнү колдонуу жөнүндө чечим чыгарат:

а) эскертүү берүү;

б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;

в) коомдук уяткаруу жарыялоо;

г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөөлүү тарапка милдеттендирүү;

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эң төмөнкү үч айлык акыга чейинки өлчөмүндө акчалай жазапул салуу.

үй-бүлөлүк талаш-тартышта сот каралып жаткан талаш-тартыштын негизи боюнча чечим кабыл алат.

Эгерде аксакалдар соту мүлк жана үй-бүлөлүк талаш-тартыштар боюнча тараптардын жарашуусуна жетише албаса, ал каралып жаткан иштин негизи боюнча чечим кабыл алат.

Администрациялык укук бузган адамга карата колдонулган коомдук таасир көрсөтүү чарасы жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттүн ичинде материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.

Сот адамдын кадыр-баркына шек келтирген жаза жөнүндө чечим чыгарууга акысы жок.

Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана кеңири чечмеленүүгө жатпайт.

7.2. Ат-Башы айылындагы түзүлгөн аймактык өз алдынча башкаруудагы Коомдук кеңешинин алдындагы аксакалдар соту салган акчалай жаза пулдар төмөндөгүчө бөлүштүрүлөт:

30 пайызы - жергиликтүү бюджетке;

70 пайызы - аксакалдар соту түзүлгөн аймактык өз алдынча башкаруудагы Коомдук кеңештин эсебине.

Ат-Башы айылдык Коомдук кеңеши банкта өз эсебин ачууга укуктуу. 

8. Аксакалдар сотунун чечимдерине даттануунун жана аны аткаруунун тартиби

 

8.1.Аксакалдар сотунун чыгарган чечимине чечим чыгарылган адам жана ишти кароого катышкан башка адамдар тарабынан чечим чыгарылгандан тартып 10 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.

Даттануу  Ат-Башы райондук сотко берилет.

Даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде шаардык соттун судьясынын жеке өзү тарабынан каралат. Мында судья аксакалдар сотунун чыгарган чечими Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле иштин жагдайларына ылайык келишин текшерет.

8.2.Келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү, болбосо мүлктүк өндүрүү жөнүндөгү аксакалдар сотунун чечими сотко тартылган адам тарабынан соттун чечиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш.

Аксакалдар соту өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук кылат.

8.3.Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасы Ат-Башы райондук соту тарабынан берилет.

8.4.Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткартуу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз анын пайдасына чечим чыгарган тараптын Ат-Башы райондук сотуна берилет. Арыз чечимди аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилиши мүмкүн. Арызга аксакалдар сотунун чечими аткарылбай калгандыгын ырастоочу документтер тиркелет.

8.5.Белгиленген мөөнөтүнөн өткөрүү менен, болбосо зарыл документтер тиркелбей берилген арыз, Ат-Башы райондук соту тарабынан каралбастан кайтарылып берилет.

Аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептерден улам өткөрүлүп жибергенде тараптардын өтүнүчү боюнча мөөнөт шаардык сот тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн. 

9.Аксакалдар сотунун башка органдар менен өз ара мамилеси

9.1.Ат-Башы айылдык аксакалдар сотунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле ар кандай юридикалык жактардан жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

9.2.Ат-Башы айылдык  аксакалдар сотунун каражаттарды пайдалануу тартиби ушул Жобо менен белгиленет.

9.3. Ат-Башы айылынын коомдук Кеңешинин эсептик счетунда чогултулган акчалай каражаттар аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоого багытталат.

9.4.Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шыктандырууга каралган  акчалай каражаттар эмгек акы, гонорар, стипендия турак-жай коммуналдык тейлөөлөргө төлөм боюнча жеңилдик түрүндө багытталса болот.

9.5.Аксакалдар сотун кармоого чыгаша сметасы коомдук Кеңеши тарабынан түзүлүп,  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.

9.6.Аксакалдар  сотуна мыйзамдарды колдонуу боюнча усулдук жардам Ат-Башы айылдык соту тарабынан көрсөтүлөт.

9.7. Аксакалдар сотунун отурумунда укук тартибин, ошондой эле зарыл болгон учурда аксакалдар сотунун отурумуна укук бузгандарды, жооп берүүчүлөрдү мажбурлап алып келүүнү Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү камсыз кылат.

9.8.Аксакалдар соту каралган иштин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.

9.9.Аксакалдар соту өзүнүн иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес аны түзгөн жарандардын жалпы чогулушуна, Коомдук кеңештин конференциясына, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларына отчет берет.

9.10. Аксакалдар соту тарабынан иштер каралгандан кийин материалдар Ат-Башы айыл аймагынын Кеңешине сактоо үчүн өткөрүлүп берилет.

 

Аксакалдар сотунун төрагасы                                                         С.Өмүралиев

Катчы                                                                                                   Н.Кемелова

 

 

 

                                                                                Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                      Кеңешинин депутаттарынын 19-октябрь

                                                                            2021-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын

                                                                   №8-6 токтомуна №2 тиркеме

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Аялдар кеңешинин  Жобосу

 

                                                           1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Ат-Башы айыл аймагынын Аялдар кеңеши жөнүндө ушул жобо (мындан ары – ЖОБО) № 1 КААБдын аймагында иш алып барган Ат-Башы айыл аймагынын Аялдар кеңешинин (мындан ары - Аялдар кеңеши) ишинин укуктарын, милдеттерин жана тартибин жөнгө салат.

1.2. Аялдар кеңеши ыктыярдуу, көз карандысыз, өзүн-өзү башкаруучу коомдук уюм болуп саналат, ал КААБдын атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айыл аймагынын  калкынын жашоо-турмушун камсыз кылган мамлекеттик уюмдар, коомдук алдын алуу борбору, жаштар комитети жана башка коомдук жана эл аралык уюмдар, ЖМКлар менен тыгыз кызматташтыкта жана өнөктөштүктө иштейт.

1.3. Аялдар комитети өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

 1.4. Аялдар кеңеши өзүнүн коомдук ишин төмөнкү принциптерге негиздейт:

• ыктыярдуулук;

• тең укуктуулук;

• өз алдынча башкаруучулук;

• ачыктык жана мыйзамдуулук;

• алмашуучулук (Аялдар кеңешинин төрайымын кайра шайлоо зарылдыгы болсо);

• чечимдерди кабыл алууда коллегиалдуулук жана тапшырылган иш үчүн жеке жоопкерчилик.

1.5. Курагына, дин тутуусуна, билимине, социалдык абалына карабастан айыл аймагынын активдүү жана демилгелүү тургундары Аялдар кеңешинин мүчөлөрү боло алат.

 

2.АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

2.1. Аялдар кеңеши аялдар коомчулугун бириктирүү, жашоо-турмуштун социалдык-маанилүү маселелери, анын ичинде үй-бүлөнү, энеликти, балалыкты коргоо, айыл аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана аялдарга жана кыздарга карата зомбулук аракеттерин болтурбоо боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерине алардын катышуусун жигердештирүү жана кыйла жагымдуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.

 2.2. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн Аялдар кеңеши өзүнүн алдына төмөнкү милдеттерди коет:

 2.2.1. бакубат шарттарды түзүү жана аялдарды жигердүү коомдук ишке тартуу;

 2.2.2. аялдардын өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык жана маданий турмушуна бирдей катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;

2.2.3. мамлекеттик үй-бүлө саясатын жана аялдардын абалын жакшыртуу жагында саясатты ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;

2.2.4. аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрлөрүн болтурбоо жана коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

2.2.5. аялдардын укуктарын жана таламдарын, энеликти жана балалыкты коргоо жана үй-бүлөнү, энени жана баланы социалдык коргоонун жана жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу;

 2.2.6. үй-бүлөнүн статусун бекемдөө жана үй-бүлөнү коргоо;

2.2.7. (ДМЧА) ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары жана улгайган адамдары бар үй-бүлөлөргө колдоону камсыз кылуу, алардын эс алуусун уюштуруу.

2.2.8. бардык деңгээлдеги ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана мамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;

 2.2.9. аялдардын, балдардын, улгайгандардын ден соолугун сактоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, айыл  аймагында балдардын көзөмөлсүз калышын жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын-алуу;

2.2.10. көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, жаш үй-бүлөлөргө, кыйын турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, майыптарга, улгайгандарга жардам көрсөтүү;

2.2.11. үй-бүлө баалуулуктарын, сергек жашоо ыңгайын, жаштарды руханий-ахлактык тарбиялоого пропагандалоо жана башкалар.

 

3.АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН МүЧӨЛӨРҮНҮН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

3.1. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

3.1.1. чогулуштарды, конференцияларды өткөрүү маселеси боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алууга, аялдардын жана кыздардын кызыкчылыктарын эске алып жергиликтүү шарттарды, аялдар кыймылынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен иштин багыттарын жана ыкмаларын аныктоого;

3.1.2. өзүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүгө;

3.1.3. Төрайым жана катчы катары шайлоого жана шайланууга;

3.1.4. Аялдар кеңеши жөнүндө ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;

3.1.5. өзүнүн ишинин формаларын, ыкмаларын аныктоого жана Аялдар кеңешинин ишинин ар жылдык планын иштеп чыгууга;

3.1.6. Аялдар кеңешинин жалпы чогулушунун чечими менен Аялдар кеңешинин ишин токтотууга;

3.1.7. аялдарды коомдук ишке тартууга, аларды ушул Жободо көрсөтүлгөн Аялдар кеңешинин максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө багытталган ар кандай иш-чараларды уюштурууга тартууга;

3.1.8. аялдардын жана кыздардын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон курч социалдык проблемаларды чечүүгө коомчулуктун, мамлекеттик уюмдардын жана башка социалдык институттардын көңүлүн бурууга;

 

                                           ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНМО

3.1.9. Аялдар кеңешинин максаттарына жана милдеттерине, ар жылдык иш планына ылайык муниципалдык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;

3.1.10. каалаган талкуулануучу маселе боюнча жеке пикирди эркин билдирүүгө;

3.1.11. Аялдар кеңешинин сунуштарын  кунт коюп каралышына ниеттенүүгө;

3.1.12. Аялдар кеңешинин кайрымдуулук ишине катышууга.

3.2. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

3.2.1. Аялдар кеңешинин максаттарына жана милдеттерине, ар жылдык иш планына ылайык иш-чараларга колдон келишинче жеке катышууга жана уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүүгө;

3.2.2. социалдык жана башка мекемелердин ишине практикалык жардам көрсөтүүгө;

3.2.3. Аялдар кеңешинин жыйналыштарына катышууга;

3.2.4. аялдардын, кыздардын, балдардын жана үй-бүлөнүн укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү калктын жазуу жана оозеки кайрылууларын кароого;

3.2.5. социалдык милдеттерди чечүү үчүн демөөрчүлүк каражаттарды тартууга жана башкалар.

 

4. АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН ИШИН УЮШТУРУУ

4.1. Аялдар кеңеши 7 ден 15 адам санында 3 жыл мөөнөтүнө узартуу укугу менен шайланат.

4.2. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү болуп айыл аймагында тийиштүү кварталдын аялдарынын кызыкчылыктарын билдирүү үчүн жалпы чогулушта шайланган жана аялдар болуп саналат.

4.3. Аялдар кеңешинин жогорку органы болуп Аялдар кеңешинин жалпы чогулушу саналат, ал иш планына ылайык кварталына бир жолудан кем эмес чакырылат.

 4.4. Чечимдерди кабыл алуунун негизги формасы Аялдар кеңешинин жыйналыштарын өткөрүү болуп саналат.

 4.5. Аялдар кеңешинин жыйналышы эгерде ага Аялдар кеңешинин жарымынан көбү катышса ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.

 4.6. Аялдар кеңешинин чечимдери Аялдар кеңешинин катышып отурган мүчөлөрүнүн добуштарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана жыйналыштын протоколунда таризделет.

4.7. Аялдар кеңешинин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот .

4.8. Аялдар кеңеши ар жылдык иш планына ылайык иштейт, ал ишке ашыруу зарыл болгон иш-чаранын мөөнөттүүлүгүнө жана пландуулугуна жараша Аялдар кеңешинин жыйналышында бекитилет жана түзөтүлөт.

4.9. Аялдар кеңеши ишинин айрым багыттары боюнча Аялдар кеңешинин ишинин ар жылдык планына ылайык комитеттерди түзө алат.

4.10. Аялдар кеңеши өзүнүн иши жөнүндө калкты кварталдык комитеттер жана башка жерлердеги маалыматтык такта аркылуу системалуу маалымдоо жүргүзөт.

 

5. АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН ТӨРАЙЫМЫ ЖАНА АНЫН ОРУН БАСАРЫ

5.1. Аялдар кеңешинин төрайымы, анын орун басары жана катчысы Аялдар кеңешинин жалпы чогулушунда узартуу укугу менен 3 жылдык мөөнөткө түздөн-түз шайланат. Мөөнөтүнөн мурда орун бошогон учурда башкасы кайра шайланат.

5.2. Аялдар кеңешинин төрайымы каттоо документтери үчүн жана иш мөөнөтү аяктагандан кийин же башка себептер боюнча позиция бошогондо, аны Аялдар кеңешинин кайра шайланган Төрайымына, орун басарына өткөрүп берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана уюштуруу укуктук документтеринин сакталышына да жооптуу болот.

5.3. Аялдар кеңешинин төрайымы, ал жокто анын орун басары:

5.3.1. Аялдар кеңешинин ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат;

5.3.2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка коомдук уюмдарда Аялдар кеңешинин кызыкчылыктарын билдирет;

 5.3.3. бекитилген иштин ар жылдык планына ылайык ишти уюштурат;

5.3.4. Аялдар кеңешинин жыйналышына ар жылдык иш планды кароого жана бекитүүгө даярдайт;

5.3.5. Аялдар кеңешинин жыйналыштарынын өткөрүү убактысын жана ордун аныктайт;

5.3.6. Аялдар кеңешинин жыйналыштарында Аялдар кеңешинин жыйналышын алып барат жана төрайымдык кылат;

5.3.7. Аялдар кеңешинин иши жөнүндө отчеттуулукту ишке ашырат;

5.3.8. Аялдар кеңешинин иши жөнүндө калкка маалымдоого ыйгарым укуктуу.

5.4. Аялдар кеңешинин катчысы:

5.4.1. Аялдар кеңешинин жыйналыштарынын өткөрүү орду, убактысы жана күн тартиби жөнүндө маалымдайт, Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнө Аялдар кеңешинин жыйналыштарына талкуулоо үчүн зарыл маалыматты (WhatsApp тиркемеси ж.б. боюнча таратса болот) таркатууну ишке ашырат;

5.4.2. Аялдар кеңешинин жыйналыштарына материалдарды уюштуруучулук жактан даярдоону камсыз кылат;

5.4.3. протоколду жүргүзүүнү камсыз кылат;

5.4.4. Аялдар кеңешинин төрайымынын жана анын орун басарынын тапшырмаларын аткарат.

 

6. ЭСЕПКЕ АЛУУ ДОКУМЕНТТЕРИ

6.1. Аялдар кеңешинин эсепке алуу документтери төмөнкүлөр болуп саналат:

6.1.1. Аялдар кеңешинин ишинин ар жылдык планы;

6.1.2. Аялдар кеңешинин жыйналышынын протоколдору;

6.1.3. Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси;

6.1.4. Аялдар кеңешинин аткарган иши жөнүндө квартал сайынкы жана даяр отчеттору.

 

7. АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШ БУЛАКТАРЫ

7.1. Аялдар кеңеши өткөрүүчү иш-чаралар, маалыматтык жолугушуулар, акциялар эл аралык жана улуттук уюмдардан социалдык долбоорлорго ыктыярдуу берүүлөрүнөн, кайрымдуулук акцияларынан, гранттарынан түшкөн акча каражаттарынан эсебинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар бөлгөн каражаттардын эсебинен финансыланат.

 

 

 

Аялдар Кеңешинин төрайымы                                                               Н. Жаныгулова

 

 

 

        Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                      Кеңешинин депутаттарынын 19-октябрь

                                                                              2021-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын

                                                                   №8-6 токтомуна №3 тиркеме

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун алдындагы Жаштар уюмунун Жобосу

  1. Жалпы жоболор

1.1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун алдындагы Жаштар уюмунун (мындан ары-Жаштар уюму), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам берүү, мүчөлөрдүн социалдык жана башка муктаждыктарын канааттандыруу, өз ыктыярлуу мүчөлүктүн негизиндеги уюштурулган уюм болуп саналат.

1.2. Дареги: М.Жунусов көчөсү №1/4

 

  1. Жаштар уюмунун укуктук статусу

2.1.Жаштар уюмунун ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2.2. Жаштар уюму коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет.

2.3. Жаштар уюму өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, жалпы чогулушунун протоколунун жана жобосунун негизинде аны айылдык Кеңеште каттаган учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат. Өзүнүн мүлкү, мөөрү,штампы, Кыргыз Республикасынын банктарында өздүк эсептик жана башка счеттору болот.

 

  1. Жамааттын негизги максаттары

3.1.Жаштар уюмун уюштуруунун максаты Ат-Башы айыл аймагынын жаштарына ар тараптан социалдык, маданий, билим берүү, дене тарбия, бош убактыларын пайдалуу, өткөрүү жана башка муктаждыктарына жардам берүү болуп эсептелет.

3.2. Жаштар уюму өзүнүн максаттарына жетиш үчүн төмөндөгү иш аракеттерди алып барат:

- Жаштардын интеллектуалдык, физикалык жана жан дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө көмөктөшүү;

- Жаш өспүрүмдөрдү ыймандуулукка жана мекенчил патриоттуулукка тарбиялоо;

-Жаштардын укугун мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын алдында коргоо;

- Жаштарга гумандуу болууну, улуу адамдарга, ветерандарга жана майып, пенсионерлерге, карыларга, жетим балдарга, жардамга муктаж аялдарга ар кандай жардам көрсөтүүнү үйрөтүү, жаштарды тартуу менен көмөк көрсөтүү иштерин уюштуруу;

- Жаштарды тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен тааныштыруу, мыйзамдуу конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууга жардам берүү, укуктук аң сезимин жогорулатуу;

-Жаштарды келечекте аскер кызматын өтөөгө, мамлекетти коргоого, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө умтулган жаштарды баштапкы даярдыктан өткөрүү;

-Ат-Башы айылында ар кандай иш чаралар өткөрүлгөндө калктын коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо максатында элдик кошуун менен бирге чыгуу;

- Калктын эң жакыр жашаган катмарына социалдык жардам көрсөтүү программаларын иштеп чыгуу;

-  жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча лекцияларды окуу, жаштардын аң сезимин ар тараптуу кеңейтүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келбеген ишмердүүлүктөрдү жүзөгө ашыруу.

 

4.Жаштар уюмунун мүчөлүгүн жана ишмердүүлүгүн уюштуруу

4.1.Мүчөлүк:

4.2.Жаштар уюму уюшулуп жатканда жаштар уюмунун 10дон кем эмес мүчөлөрү тарабынан ыктыярдуу негизде түзүлөт;

4.3. Жаштар уюмунун жобосуна ылайык жергиликтүү жамаатка тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, жамаат менен өз ара кызыкчылыктар боюнча байланышкан адамдар жаштар уюмуна мүчө болуп кириши мүмкүн.

 

5.Жаштар уюмунун мүчөлөрү жана алардын укуктары

5.1.Жаштар уюмунун жобосуна ылайык жаштар уюмуна мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;

5.2. Жаштар уюумунун мүчөсү жобонун ченемдерин сактабагандыгы жана талаптагыдай эмес аткарбагандыгы үчүн уюмдан чыгарылышы мүмкүн;

5.3. Жаштар уюмунун мүчөсүн андан чыгуу жөнүндө алдын ала 30 күн мурда кабарлангандан жана жаштар уюмунун жалпы чогулушунда чыгып сүйлөө укугу берилгенден кийин жүзөгө ашырылат;

5.4. Жаштар уюмунун мүчөсү уюмдан аны чыгаруу жөнүндөгү жалпы чогулуштун чечимине макул болбогондо, чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

6.Жаштар уюмунун жалпы чогулушу

 

6.1. Жаштар уюмунун жогорку органы болуп уюмдун жалпы чогулушу эсептелет;

6.2. Жаштар уюмунун жалпы чогулушун уюмдун төрагасы же болбосо уюмдун 20 пайызынан кем эмес мүчөлөрүнүн демилгеси менен өткөрүлөт, бирок бир жылда бир жолудан кем эмес болушу керек;

6.3.Жалпы чогулуштун чечими уюмдун мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышканда көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

 

7.Жаштар уюмунун жалпы чогулушунун компетенциясы

7.1.Жалпы чогулуштун компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:

- Уюмдун жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

- Уюмдун иштеринин артыкчылыктуу багыттарын жана өнүктүрүү программаларын карап бекитүү;

- Уюмдун мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу;

- Жаштар уюмунун төрагасын шайлоо жана аны ээлеген кызматынан четтетүү;

-Уюмдун иши жөнүндө жылдык планды жана отчетту бекитүү;

- Жаштар уюму башка коомдук уюмдар менен ассоциацияларга кирүү ошондой эле алардан чыгуу;

-Жаштар уюмунун жобосунда каралган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маселелер кирет.

 

8. Жаштар уюмунун төрагасы

8.1. Жаштар уюмунун төрагасы жалпы чогулушунда уюмдун мүчөлөрүнүн арасынан жалпы чогулушка катышуучу мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча ачык добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат;

8.2. Жаштар уюмунун төрагасы уюмдун документтерин жол жоболоштурат жана айылдык кеңеште каттатат;

8.3. Жаштар уюмунун жобосундагы милдеттерди так аткарбагандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда жалпы чогулуштун чечиминин негизинде бошотулушу мүмкүн.

 

9. Жаштар уюмунун иш милдеттери

9.1. Жаштар уюму мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарында өз мүчөлөрүнүн ой пикирлерин билдиришет;

9.2. Жергиликтүү кеңештин, алардын аткаруучу тескөөчү органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жаштар уюмунун иштеринин маселелери боюнча чечимдерин аткарууга көмөктөшөт;

9.3. Жобонун максаттарына жана милдеттерине ылайык дагы башка иш милдеттерди жүзөгө ашырат.

 

10. Жаштар уюмунун укук жана жоопкерчилиги

10.1. Жаштар уюму айылдык Кеңештин, алардын аткаруучу тескөөчү органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана башка субьекттер менен келишимдие негизде эриш аркак аракеттенүү укугуна ээ;

10.2. Жаштар уюму максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартуу менен өнүктүрүү фондусун түзүү укугуна ээ;

10.3. Жаштар уюму өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

 

11. Жаштар уюмунун мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынышы

11.1. Жаштар уюмун түзүүгө жана өнүктүрүүгө зарыл болгон укуктук, уюштуруу шарттарын түзүүгө көмөктөшөт;

11.2. Жашатар уюмунун кызыкчылыктарын козгоочу маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда консультацияларды берет;

11.3. Жаштар уюмунун кайрылуулары  жана маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө кароого тийиш.

 

12.  Жаштар уюмун жоюу жана уюштуруу

12.1. Жаштар уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун жобосунун негизинде кайра уюштурулшу же жоюлушу мүмкүн;

12.2. Жаштар уюмун кайра уюштуруу (кошулганда, бөлүнгөндө, бириккенде) уюмдун жалпы чечим менен жүргүзүлөт, мыйзам бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде сот аркылуу жоюу чечими чыгарылышы мүмкүн.

 

 

Жаштар уюмунун төрагасы                                                                    М.Жеңишбеков

        Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                      Кеңешинин депутаттарынын 19-октябрь

                                                                              2021-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын

                                                                   №8-6 токтомуна №4 тиркеме

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы № 1 Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Карыялар Кеңешинин  Жобосу

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Ат-Башы айыл аймагынын Карыялар Кеңеши жөнүндө ушул жобо (мындан ары – ЖОБО) № 1 КААБдын аймагында иш алып барган Ат-Башы айыл аймагынын

Карыялар кеңешинин (мындан ары -Карыялар кеңеши) ишинин укуктарын, милдеттерин жана тартибин жөнгө салат.

1.2. Карыялар кеңеши ыктыярдуу, көз карандысыз, өзүн-өзү башкаруучу коомдук уюм болуп саналат, ал КААБдын атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айыл аймагынын  калкынын жашоо-турмушун камсыз кылган мамлекеттик уюмдар, коомдук алдын алуу борбору, жаштар комитети жана башка коомдук жана эл аралык уюмдар, ЖМКлар менен тыгыз кызматташтыкта жана өнөктөштүктө иштейт.

1.3. Карыялар кеңеши өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

 1.4. Карыялар кеңеши өзүнүн коомдук ишин төмөнкү принциптерге негиздейт:

• ыктыярдуулук;

• тең укуктуулук;

• өз алдынча башкаруучулук;

• ачыктык жана мыйзамдуулук;

• алмашуучулук (Карыялар кеңешинин төрагасын кайра шайлоо зарылдыгы болсо);

• чечимдерди кабыл алууда коллегиалдуулук жана тапшырылган иш үчүн жеке жоопкерчилик.

 1.5. Курагына, дин тутуусуна, билимине, социалдык абалына карабастан айыл аймагынын активдүү жана кадыр барктуу карыя тургундары Карыялар кеңешинин мүчөлөрү боло алат.

 

2.КАРЫЯЛАР КЕҢЕШИНИН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

2.1. Карыялар кеңеши айыл аймагындагы коомчулукту бириктирүү, жашоо-турмуштун социалдык-маанилүү маселелери, анын ичинде үй-бүлөлүк жаңжалдарды чечүү, айыл аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерине алардын катышуусун жигердештирүү жана кыйла жагымдуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.

 2.2. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн Карыялар кеңеши өзүнүн алдына төмөнкү милдеттерди коет:

2.2.1. мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды  жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;

2.2.2. мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

2.2.3. айыл аймагындагы жарандарды ынтымакка чакыруу;

2.2.4. өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу  (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.

2.2.5. мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;

2.2.6.мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча   сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;  

2.2.7. (ДМЧА) ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдары жана улгайган адамдары бар үй-бүлөлөргө колдоону камсыз кылуу, алардын эс алуусун уюштуруу.

2.2.8. бардык деңгээлдеги ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана мамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгууга катышуу;

 2.2.9. аялдардын, балдардын, улгайгандардын ден соолугун сактоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, айыл аймагындагы балдардын көзөмөлсүз калышын жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын-алуу;

2.2.10. көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, жаш үй-бүлөлөргө, кыйын турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, майыптарга, улгайгандарга жардам көрсөтүү;

2.2.11. үй-бүлө баалуулуктарын, сергек жашоо ыңгайын, жаштарды руханий-ахлактык тарбиялоого пропагандалоо жана башкалар.

 

3. КАРЫЯЛАР КЕңЕШИНИН МүЧӨЛӨРҮНҮН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 3.1. Карыялар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

3.1.1. чогулуштарды, конференцияларды өткөрүү маселеси боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алууга, коомчулуктун кызыкчылыктарын эске алып жергиликтүү шарттарды, иштин багыттарын жана ыкмаларын аныктоого;

3.1.2. өзүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүгө;

 3.1.3. Төрага жана катчы катары шайлоого жана шайланууга;

3.1.4. Карыялар кеңеши жөнүндө ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;

 3.1.5. өзүнүн ишинин формаларын, ыкмаларын аныктоого жана Карыялар кеңешинин ишинин ар жылдык планын иштеп чыгууга;

3.1.6. Карыялар кеңешинин жалпы чогулушунун чечими менен Карыялар кеңешинин ишин токтотууга;

3.1.7. Карыяларды коомдук ишке тартууга, аларды ушул Жободо көрсөтүлгөн Карыялар кеңешинин максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө багытталган ар кандай иш-чараларды уюштурууга тартууга;

 3.1.8. айыл аймагындагы кары адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон курч социалдык проблемаларды чечүүгө коомчулуктун, мамлекеттик уюмдардын жана башка социалдык институттардын көңүлүн бурууга;

 

ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНМО

3.1.9. Карыялар кеңешинин максаттарына жана милдеттерине, ар жылдык иш планына ылайык муниципалдык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;

3.1.10. каалаган талкуулануучу маселе боюнча жеке пикирди эркин билдирүүгө;

3.1.11. Карыялар кеңешинин сунуштарын  кунт коюп каралышына ниеттенүүгө;

3.1.12. Карыялар кеңешинин кайрымдуулук ишине катышууга.

3.2. Карыялар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

3.2.1. Карыялар кеңешинин максаттарына жана милдеттерине, ар жылдык иш планына ылайык иш-чараларга колдон келишинче жеке катышууга жана уюштурууга жана өткөрүүгө жардам берүүгө;

3.2.2. социалдык жана башка мекемелердин ишине практикалык жардам көрсөтүүгө;

3.2.3. Карылар кеңешинин жыйналыштарына катышууга;

3.2.4. айыл аймагындагы карылардын, балдардын жана үй-бүлөнүн укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү калктын жазуу жана оозеки кайрылууларын кароого;

3.2.5. социалдык милдеттерди чечүү үчүн демөөрчүлүк каражаттарды тартууга жана башкалар.

 

4. КАРЫЯЛАР КЕҢЕШИНИН ИШИН УЮШТУРУУ

4.1.Карыялар кеңеши 5 тен 9 адам санында 3 жыл мөөнөтүнө узартуу укугу менен шайланат.

4.2. Карыялар кеңешинин мүчөлөрү болуп айыл аймагында тийиштүү кварталдын аялдарынын кызыкчылыктарын билдирүү үчүн жалпы чогулушта шайланган жарандар болуп саналат.

 

 

 

Карыялар кеңешинин төрагасы                                                              С.Сатиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет