2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-5
19-октябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөттүн алдындагы
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери жөнүндө
2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн аткарылган иштер боюнча “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановдун берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн аткарылган иштери тууралуу “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановдун берген маалыматы сын-сунуштары менен эске алынсын;
- 2021-жылдын жыйынтыгы менен аткарылган иштери тууралуу маалымат берилгенден кийин иштеген ишине баа берилээри «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановго эскертилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 30