Таштанды чыгаруучу атайын техника алуу боюнча “Айлана чөйрөнү өнүктүрүү” фондусуна тапшырылган долбоор жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги VIII сессиясынын

ТОКТОМУ №8-4

19-октябрь 2021-жыл                                                                               Ат-Башы айылы                                                                                        

 

Таштанды чыгаруучу атайын техника алуу боюнча “Айлана чөйрөнү өнүктүрүү” фондусуна тапшырылган долбоор жөнүндө

 

Таштанды чыгаруучу атайын техника алуу боюнча “Айлана чөйрөнү өнүктүрүү” фондусуна тапшырылган долбоор жөнүндө айыл өкмөттүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбектин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.   “Айлана чөйрөнү өнүктүрүү” фондусу тарабынан тапшырылган долбоор жактырылгандыктан таштанды чыгаруучу атайын техника сатып алуу үчүн өздүк салым катары  1 400 000 (бир миллион төрт жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Т. Жусубалиевге жана айыл өкмөттүн инвестиция тартуу, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбекке милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы  А. Аалиевге тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                          А. Өмүракунов

 

 

                                                                                                                                                 Каттоо № 29

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет