2021-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 5 715 000 (беш миллион жети жүз он беш миң) сом акча каражатын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-3
19-октябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
2021-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок
пайдаланыла элек 5 715 000 (беш миллион жети жүз он беш миң) сом акча каражатын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
2021-жылдын бюджетинде каралып, пайдаланылбай калган 5 715 000 (беш миллион жети жүз он беш миң) сом акча каражатын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021-жылдын бюджетинде пайдаланылбай калган 5 715 000 (беш миллион жети жүз он беш миң) сом акча каражаты зарыл болгон төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
- Таштанды чыгарууга атайын техника алууга өздүк салым (Айлана-чөйрөнү өнүктүрүү фондусуна) – 1 400 000 сом;
- К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин чатырын оңдоого кошумча каражат – 1 400 000 сом;
- Смета түзүүгө (К. Мамбеталиев мектеби) – 85 000 сом
- Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин кире беришин оңдоого – 15 200 сом;
- Сейсмоинститутка (корутунду алуу үчүн) - 112 000 сом;
- Айылдын кире беришин жаңылап, оңдоо үчүн сүрөтчүгө - 120 000 сом;
- А. Курманалиев атындагы бала бакчасына терезе алууга - 40 000 сом;
- Архивге (сактоодогу документтер үчүн) – 23 000 сом;
- Госрегистрге (Ак-Сайдагы 3 имараттын документтерин бүтүрүү үчүн) - 45 000 сом;
- Маршрутка Ак-+ргө ГСМ (31-декабрь 2021-жылга чейин) – 68 000 сом;
- Ак-Байрак бала бакчасынын жылуулук системасына – 460 000 сом;
- Айыл өкмөттүн имаратынын жылуулук системасына кошумча каражат - 291 000 сом;
- Көмүр алууга (айыл өкмөткө 17 т., Ак-Сайга библиотекага 3 т.) – 60 000 сом;
- Жаңы жылдык балаты өткөрүүгө – 50 000 сом;
- Прожектор алууга жана орнотууга– 205 000 сом;
- Ак-Жар жайытка (таштанды төгүүгө жердин ижарасы) – 200 000 сом;
- Чиркегич алууга – 200 000 сом;
- “Көрктүү аймак” ишканасына (дөңгөлөк, кышкы майлоочу майлар) – 100 000 сом;
- “Көрктүү аймак” ишканасынын имаратынын ремонтуна – 100 000 сом;
- Түшүм майрамына – 25 800 сом;
- Марафон өткөрүүгө – 200 000 сом;
- Мечиттерди экспертизадан өткөрүү үчүн – 15 000 сом;
- От жагуучу жумушчулардын бөлмөлөрүн кышка карата даярдоого – 15 000 сом;
- Технадзор жалдаганга – 20 000 сом;
- А. Курманалиев атындагы бала бакчасына жылыткыч алууга – 50 000 сом;
- Ат-Башы айылынын тургуну Сабитакунова Салыйбүбүгө жардам көрсөтүүгө (терезе эшиги менен алууга) – 20 000 сом;
- Ат-Башы айылынын тургуну Турдакунова Дамирага жардам көрсөтүүгө (ден соолугуна байланыштуу) – 7 000 сом;
- Ат-Башы айылынын 12-кварталынын тургундарынын арызынын негизинде көп кабаттуу үйгө ажааткана жана септик салууга – 27 000 сом;
- Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине принтер алууга – 25 000 сом;
- Видеокамера алууга – 63 000 сом;
- Көз карандысыз аудитке – 100 000 сом;
- Канцтоварга – 45 000 сом;
- Күтүлбөгөн чыгымдарга – 20 000 сом;
- Аялдар арасындагы волейбол боюнча мелдешке – 13500 сом;
- ЖПС алууга – 30 000 сом;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бирикмесине төлөм – 14 500 сом;
- Асбест түтүктөрүн алууга – 50 000 сом.
- Бюджетте 2223 статьясында каралган 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты 2222 статьясына которулсун;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №28