Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги VIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №8-2

19-октябрь 2021-жыл                                                                                                                 Ат-Башы айылы                                                                                        

  

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндө

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндөгү Ат-Башы айыл  өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровдун берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары боюнча бир катар иштер аткарылгандыгы белгиленсин;
  1. Ат-Башы айылынын бала-бакча, мектептеринин от казандарынын иштеши жана көмүр керектөөсү, ошондой эле уюшулган көмүр базалар аркылуу кыш мезгилинин аягына чейин айыл калкын көмүр менен камсыз болуусу көзөмөлгө алынсын;
  1. Уюшулган көмүр базалардагы көмүрдүн кору жана баасы тууралуу маалымат айыл тургундарына байма-бай жеткирилип турсун;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго милдеттендирилсин;  
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы   А. Аалиевге тапшырылсын.  

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                          А. Өмүракунов

 

 

                                                                                                                                        Каттоо № 27

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет