Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин маалыматы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ № 8-3
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2017-жыл
Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы
айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси
К. Асаналиевдин маалыматы жөнүндө
Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин маалыматы берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдалган 45 гектар эгиндин 36 гектар жери аба ырайынын кескин өзгөрүп, бышпай калуу коркунучун жараткандыгына байланыштуу чөпкө чабылып кеткендиги белгиленсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 33