Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаанын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э. Осмоновдун 2021-жылдын 07-октябрындагы чыгыш №21 сандуу сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-1
19-октябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаанын
жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э. Осмоновдун 2021-жылдын 07-октябрындагы чыгыш №21 сандуу сунушу жөнүндө
Ат-Башы айылынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаанын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э. Осмоновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, күйүүчү майга болгон баанын жогорулашына жана авто тетиктеринин кымбатташына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап Ат-Башы айылынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук унаалардын жол кире акысы бир жүргүнчүгө 12 (он эки) сом, мектеп окуучуларына 8 (сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
- Зарылчылыкка жараша эки айдан кийин жол кире акысын кайра жогорулатуу жагы каралсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №26