2021-жылдын 27-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-5
28-сентябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
2021-жылдын 27-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
2021-жылдын 27-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургундарынын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин ишине нааразычылыгын билдирген арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021-жылдын 27-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургундары тарабынан жазылган арызындын ар бир пункту боюнча териштирүү иштери жүргүзүлсүн;
- Арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын чындыкка дал келүүсүн же жалган экендигин аныктап, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана жыйынтыгы боюнча кийинки сессияга маалымат берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №25