2021-жылдын 23-сентябрындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жазылган арызы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-4
28-сентябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
2021-жылдын 23-сентябрындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жазылган арызы жөнүндө
2021-жылдын 23-сентябрындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан жазылган Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиев кызматкерлерге кызматтык кысым көрсөтүп жаткандыгы жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин ынтымакка келүүсүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренесинин жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы №7 протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин ынтымакка келүүсү эске алынсын;
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге иштеген ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн «Эскертүү» тартиптик жазасы берилсин;
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановго иштеген ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн «Эскертүү» тартиптик жазасы берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №24