2021-жылдын 2-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургуну Ж. Баатырбекованын арызы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-3
28-сентябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
2021-жылдын 2-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургуну Ж. Баатырбекованын арызы жөнүндө
2021-жылдын 2-сентябрындагы Ат-Башы айылынын тургуну Ж. Баатырбекованын ашыкча пайдаланып жүргөн жер аянтын жеке менчикке чыгарып берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтомунун 4-бөлүмүнүн 11-пунктунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын тургуну Ж. Баатырбекованын Ат-Башы айылынын Чеч-Дөбө №85 дарегинде жайгашкан турак жайынын түштүк-батыш тарабындагы ашыкча пайдаланып жүргөн 137,4 чарчы метр жер аянты түз сатуу жолу менен жеке менчигине сатылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевге милдеттендирилсин;
- Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №23