Ат-Башы айылынын кире беришинде жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган согушундагы курман болгондордун элесине арналган постаментине Афган согушунун ардагери маркум Мамытбеков Таалайбек Аттокуровичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз VII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №7-2

 

28-сентябрь 2021-жыл                                                                                     Ат-Башы айылы                                                                                           

 

Ат-Башы айылынын кире беришинде жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган согушундагы  курман болгондордун элесине арналган постаментине  Афган согушунун ардагери маркум Мамытбеков Таалайбек Аттокуровичтин  ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы №3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 23-беренесине  ылайык Ат-Башы айылынын тургуну Сатылганова Шаардын арызын канааттандыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                         

  1. Ат-Башы айылынын кире беришинде жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган согушунда курман болгондордун элесине арналган постаменти “Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган согушунда курман болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекси” болуп өзгөртүлсүн;
  1. Улуу Ата Мекендик согуштун жана Афган согушунда курман болгондордун элесине арналган мемориалдык комплексине Афган согушунун ардагери маркум Мамытбеков Таалайбек Аттокуровичтин  аты ыйгарылсын;
  1. Аты ыйгарылган мемориалдык комплекстин айланасын тосуу, көрктөндүрүү жана тазалыгын сактоо маркум Т.Мамытбековдун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын. 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                          А. Өмүракунов 

 

                                                                                                                                                      

 

                                                                                                                                                      Каттоо №22

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет