Ак-Сай өрөөнүндөгү курулушу токтоп калган имараты жөнүндөгү 2021-жылдын 1-сентябрындагы чыгыш №05-2/207 сандуу Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору И. Бейшенилиевдин кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-1
28-сентябрь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ак-Сай өрөөнүндөгү курулушу токтоп калган имараты жөнүндөгү 2021-жылдын
1-сентябрындагы чыгыш №05-2/207 сандуу Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору И. Бейшенилиевдин кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору И. Бейшеналиевдин 2021-жылдын 1-сентябрындагы чыгыш №05-2/207 сандуу кайрылуусунун негизинде Ак-Сайөрөөнүндөгү малчылардын жана тургундардын саламаттыгына кам көрүү үчүн салынган медициналык пункттун (ФАП) авариялык абалга келгендигине байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Сайөрөөнүндөгү культцентрда салынып келе жатып 30 жылдан бери куруу иштери токтоп калган имаратты фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) катары колдонуу үчүн Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна оперативдик башкаруу укугу менен 10 (он) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдалануугаөткөрүлүп берилсин;
- Жогорудагы имараттын юридикалык иш кагаздарын мамлекеттик каттоодонөткөрүп, Швейцариялык спонсорлор тарабынан курулуш иштерин толук бүтүрүү жагы Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору И. Бейшеналиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айылөкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго жана айылөкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевге тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айылөкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №21