31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6-2
27-август 2021-жыл Ат-Башы айылы
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлоо жөнүндө
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата саламаттыктык сактоо тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ардактуу эс алуудагы Боогазиева Бүбүйна Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ардак грамотасы» менен сыйлансын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү» жарлыгынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата көп жылдык үзүрлүү ак ниет эмгеги жана айылдын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Чөлбаева Бактыгүл Мырзажановна Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ардак грамотасы» менен сыйлансын;
- Жогорудагы сыйланган адамдарга Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Ардак грамотасын» даярдоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н. Кемеловага милдеттендирилсин;
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №20