Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6-1
27-август 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы №1 КААБдын аксакалдар сотунун мурдагы төрагасы Ж. Сатиевдин жаш курагы жана ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен төрагалыктан бошотуу тууралуу жазган арызынын негизинде жана “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) аксакалдар сотунун мүчөлөрү төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
- Сатиев Сейдакмат – Ат-Башы айылынын карыялар кеңешинин төрагасы;
- Исакунов Базаркул – пенсияда;
- Сулайманов Төлөгөн – пенсияда;
- Жусупов Жаныш – кварталдык комитеттин башчысы;
- Султаналиев Жумамүдүн – кварталдык комитеттин башчысы;
- Шадыбекова Фатима – пенсияда;
- Бусурманкулов Рүстөм – диний ишмер;
- Маликова Жүрсүн – пенсияда;
- Бекбогулова Жамал – кварталдык комитеттин башчысы.
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин типтүү регламентине ылайык жүргүзүлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №19