Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Аалиев Азим Карыбековичтин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата куттуктоосу.

Урматтуу Ат-Башы айылынын жашоочулары, кымбаттуу коноктор!!!
Сиздерди өлкөбүздүн эң чоң майрамы - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!!! Бүгүн — элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, эң ыйык, эң улуу күн!
Мына Кыргыз Республикасы өз алдынча түндүк көтөргөн мамлекеттүүлүгүбүздү жарыялагандан бери 30 жыл толуп отурат. Бул мезгил карт тарыхтагы көз ирмем гана убакыт. Өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын, сыноосун элибиз сабырдуулук менен көтөрө билишти. Эми ал кездер артта калды.
Мамлекетибиздин тагдыры жана жаркын эгемендүү келечеги үчүн ар бирибиздин жоопкерчилигибиз зор.
Эл ичинде тынчтык, биримдик жана туруктуулук болуусу керек. Мамлекетибиздин тагдыры үчүн ар бирибиздин жоопкерчилигибиз зор, андыктан жалпы аракетибиз жана таза иштерибиз менен айлыбызды өнүктүрүүнү улантып, бекемдөө - баардыгыбыздын ыйык парзыбыз.
Элет өнүксө мамлекет оңолот,ал эми айылдагы ар бир үй бүлө өнүксө айыл өнүгөт дегендей ар бир үй бүлөдө өнүгүү болушун каалайм.
Эгемен мамлекетибиздин желеги түбөлүк желбиресин, жергебизде тынчтык, эл ичинде биримдик болсун, жакшылык жана ийгилик элибизди коштосун!
Ар бир үйгө ачык маанай, ынтымак жана ырыскы каалайм!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!!!

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет