Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-4
15-июль 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин
2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айылынын жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевдин билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
- Жайыттан түшкөн акча каражаты 89 000 (сексен тогуз миң) сом;
Чыгаша бөлүгү:
- Эмгек акы, соц.фондго 89 000 (сексен тогуз миң) сом;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айылынын жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №18