2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-3
15-июль 2021-жыл Ат-Башы айылы
2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган,
бирок пайдаланыла элек акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 7 587 000 (жети миллион беш жүз сексен жети миң) сом акча каражаттарын муктаждыкка байланыштуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндөгү сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен бюджетте каралган, бирок пайдаланыла элек 7 587 000 (жети миллион беш жүз сексен жети миң) сом акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
- Жаңы салынып жаткан бала бакчанын курулушуна – 5 000 000 сом;
- К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин чатырын оңдоого кошумча каражат – 572 000 сом;
- Ат-Башы РМАнын маңдайындагы флагштокко желек алууга – 45 000 сом;
- Электр линия тартууга кошумча каражат – 110 000 сом;
- Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине санузел салуу үчүн каралган долбоорго өздүк салым – 120 000 сом;
- Топосьемкага – 200 000 сом;
- +згөчө кырдаалга – 300 000 сом;
- Резервдик фондго – 40 000 сом;
- Күйүүчү-майлоочу материалга (ГСМ) – 63 000 сом;
- АРИС долбоорунун азык-түлүк программасы боюнча Дамбыны бекемдөө үчүн кубик куюп иштеген жарандарга керектелүүчү материалдарды алууга – 400 000 сом ;
- Аттарга чөп алууга кошумча каражат– 10 000 сом;
- Ар кандай чыгымдарга – 77 000 сом;
- Видеокамера – 60 000 сом;
- Насос жана көпүрөгө асбест түтүкчөлөрүн алууга– 100 000 сом;
- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматкерлерди окутууга – 30 000 сом;
- Архитектура кызматтары үчүн (ПСД, топосьемка, ар кандай кызматтар) – 200 000 сом;
- Доо арыздар боюнча мамлекеттик пошлинага – 20 000 сом;
- Айыл өкмөттүн имаратына жылытуу системасын орнотууга– 225 000 сом;
- Сейф алууга – 15 000 сом;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №17