ЖЧК “Авангард-Строй” курулуш фирмасы менен түзүлгөн бала бакчаны куруу боюнча келишимди бир тараптуу бузуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-1
15-июль 2021-жыл Ат-Башы айылы
ЖЧК “Авангард-Строй” курулуш фирмасы менен түзүлгөн бала бакчаны куруу боюнча келишимди бир тараптуу бузуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жана башкы адис-юристи Н. Карыбековдун берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы К. Тыналиев бала бакчасына тиешелүү жер аянтына салынып жаткан 120 орундуу бала бакчаны куруу боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү менен ЖЧК “Авангард-Строй” курулуш фирмасы тарабынан түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге тапшырылсын;
- Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бала бакчанын курулушун улантып бүткөрүү үчүн түзүлгөн сметага ылайык ЖЧК «Авангард-Строй» курулуш фирмасына Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан которулуп берилген акча каражаттарынын айырма суммасын тактоо менен аталган фирмадан аласа акча каражаттарын өндүрүү боюнча тиешелүү укук коргоо жана сот органдарына кайрылып, иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №15