Муниципалдык менчиктеги «Кошой» стадионун Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ №4-5
01-июль 2021-жыл Ат-Башы айылы
Муниципалдык менчиктеги «Кошой» стадионун Ат-Башы райондук
М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамына ылайык муниципалдык менчиктеги «Кошой» стадионун Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу өткөрүп берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Муниципалдык менчиктеги «Кошой» стадионун Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине оперативдик башкаруу укугу менен 10 (он) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 10