«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине талапкерди сунуштоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ №4-3
01-июль 2021-жыл Ат-Башы айылы
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине
талапкерди сунуштоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер Сулайманов Даниэл Бакировичке макулдук берилсин;
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине Сулайманов Даниэл Бакировичти дайындоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге сунушталсын;
- Дайындалган «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси өзүнүн тармагы боюнча компетенциясынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо №8