Долбоордук сунуш жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ №3-1
18-июнь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Долбоордук сунуш жөнүндө
Коомчулукту өнөктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин АИД-3 долбоорун ишке ашыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- COVID-19 пандемиясына байланыштуу айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын фокс топтору жана калкы менен онлайн платформа аркылуу талкууланып келип чыккан Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин санитардык-гигиеналык түйүнүн оңдоо боюнча чакан долбоордук сунушу колдоого алынып, Коомчулукту өнөктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИСке) сунушталсын;
- Долбоордук сунушта көрсөтүлгөн 3,75 пайыздан кем эмес акча каражаты өздүк салым катары каралсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбекке милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 5