2021-жылдын 1-июлунда сессия өткөрүлөт.
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын
2021-жылдын 1-июлунда өтүүчү кезектеги IV сессиясында каралуучу
маселелердин долбоору:
- 2020-жыл ичиндеги айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу; («Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Ш. Маматов)
- 2022-2024-жылдар үчүн орто мөөнөттүү мезгилге Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө (айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиев)
- «Кошой» стадионун Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы спорт мектебине убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө; (Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров)
- Ат-Башы айыл аймагындагы COVID-19 илдетинин алдын алуу иштери жана ага карата жасалган иштер жөнүндө (гуманитардык, социалдык жардамдар, медициналык, санитардык иштер тууралуу); (Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева жана инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Асанкул уулу Р)
- Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» боюнча мыйзамынын аткарылышы жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) ишин жандандыруу жөнүндө (Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи Н. Карыбеков;)
- Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, көчөлөрдү асфальттоо иштери жөнүндө (Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы)
- Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, Ат-Башы айылынаөзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштери жөнүндө (Жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Т. Аралбаев, инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Асанкул уулу Р, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев)
- Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугу, айыл тургундарынын турак үйлөрүнүн, короолорунун кызыл сызыкка туура келиши) жөнүндө (Айыл өкмөттүн кызматкерлери, жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиев, туруктуу комиссиянын төрагасы, райондук архитектуранын башчысы, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору Б.Жумабаев)
- Айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директоруна талапкерди айыл өкмөт башчысына сунуштоо жөнүндө;
- Башка маселелер