Ат-Башы айыл аймагында Энелер күнү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылы кол койгон жарлыгынын негизинде ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында "Энелер күнү" белгиленет. Өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү "Энелер күнүнө" карата иш чара өткөргөн жок.
Ат-Башы айылында жашаган 80 жаштан жогорку, турмуш шарты начар айрым апаларыбызды куттуктап, аларга Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан азык-түлүк жана баалуу белектер тапшырылды.
Ардактуу энелер, балдарыңыздар менен ден-соолукта болуп, аман-эсен жүрүңүздөр, ар дайым сиздерди сыйлайбыз жана урматтайбыз, бар болуңуздар! Майрамыңыздар кут болсун!