Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ №1-3
20-май 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактары жана курамдары боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн шайлоолордун жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: К. Айдыралиев
Мүчөлөрү: Э. Абдымаликов, Р. Акаева, Р. Нурланов, Э. Эсенгул кызы
- Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: Ж. Осмонов
Мүчөлөрү: Н. Жоломанов, Ж. Акбаева
- Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: И. Мелисов
Мүчөлөрү: Д. Сулайманов, Н. Ясинова, М. Карымбаев
- Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: М. Турдумбаева
Мүчөлөрү: Ы. Мөндүрбаева, Т. Каденов
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: К. Асанбаева
Мүчөлөрү: М. Төлөгөн кызы, А. Жумгалбек кызы, У. Мелис уулу
- Түзүлгөн туруктуу комиссияларга өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы А. Өмүракунов
Каттоо № 3