Ат-Башы айылына «Кризистик борбор» куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-7
08-апрель 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылына «Кризистик борбор» куруу үчүн
жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Райондун аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, үй жайы, багаар-көрөөрү жок адамдардын, турмуштун оор кырдаалына, зордук зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган адамдардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо үчүн убактылуу жайгаштыруу максатында райондун борборуна «Кризистик борбор» ачуу зарылчылыгы жөнүндөгү Ат-Башы райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Султангазы уулу Тилектин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылына «Кризистик борбор» куруу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын «Улан-2» жаңы конушунан 700 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнчабашкы адиси Б. Жунусалиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 72